ӨКМ: "Ысык-Көлдөгү капчыгайда чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү"

10-сентябрь күнү саат 2 жарым, 3төр чамасында Ысык-Көл районундагы Темир айыл аймагына караштуу Григорьевка капчыгайында өрт чыккан. Аны өчүрүүгө жалпы 43 өрт өчүрүүчү, токой чарба кызматынан жана айыл аймагынан 20 киши тартылган.

ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашкандай, ушул эле күнү саат 21:00гө чейин өрттү өчүрүү иштери жүргүзүлүп 1 гектар жердеги өрт чектөөгө алынган. Өрттү өчүрүү иштери 11-сентябрь күнү таңкы саат 06:30да кайра улантылып, саат 16:00дө толук өчүрүлдү. Өрттүн кесепетинен 4-5 гектар жердеги куураган чөп күйүп кетти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан