Текебаев менен Чотоновдун сотуна Алмазбек Атамбаевди чакыруу өтүнүчү четке кагылды

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча сот отуруму уланууда. Текебаев алгач өкмөттүк аппараттын иш башкармалыгы тарабынан өкмөт үйүндө Текебаев өзү жана президент Алмазбек Атамбаевдин отурган иш бөлмөлөрү тууралуу маалымат берилгенин айтып, материалды ишке тиркеп коюуну суранды. Сот материалды прокурорлордун макулдугу менен ишке тиркеди.

Андан кийин Текебаевдин жактоочусу Канат Хасанов сотко Алмазбек Атамбаевдин келүүсүн өтүндү. "Бул жерде бөлмө негизги маселе болуп жатат. Модин "Текебаевдики" деп көрсөткөн бөлмөнү күбөлөр "Атамбаевдики" деп жатышат. 1-инстанцияда да өтүнүч келтирип, бирок сот Айбек Эрнис уулу макулдук берген эмес", - деди Хасанов.

Текебаев өзүнүн жана Атамбаевдин ошол учурдагы иш бөлмөсүн көрүп чыгуу маанилүү экенин айтты. "Мен отурган бөлмөнүн аянты 34 чарчы метр, Атамбаевдики 102 чарчы метр. Атамбаевдин бөлмөсү Отунбаеванын бөлмөсүнөн да чоң болчу. Күбөлөр да Модин да Атамбаевдин бөлмөсүн көрсөткөнүн меники башка болгонун көпчүлүк күбө тастыктады", - деди Текебаев.

Учурда соттук коллегия иштин материалдарын иликтөөгө киришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан