Украинанын борбору Киевде орун алган атышуу тууралуу маалыматтарды кененирээк орусиялык маалымат каражаттары жазууда. Белгилүү болгондой, анда жаракат алган 2 адам Кыргыз жарандары экени айтылган.
Окуя 8-сентябрда орун алган. Укук коргоо органдарына Киевдин Беларусь көчөсүндө терезелери талкаланган Opel үлгүсүндөгү унаа тууралуу маалымат түшкөн. Андан бир канча убакыт өтпөй октон жабыркаган эки адам ооруканага жардам сурап кайрылышкан. Көп өтпөй ошол эле күнү канга булганган, ок тийген Jaguar үлгүсүндөгү унаа да табылган.
Жергиликтүү полиция кызматы тараткан жаңы маалыматтарга караганда, эки унаанын тең номерлери чет элдик номерлер болгон. "Эки унаа кубалашып, бир унаадан экинчи унаага карай ок атылган. Бактыга жараша, көчөдө жүргөн жөнөкөй жашоочулар жабыркашкан эмес. Жыйынтыгында Jaguar үлгүсүндөгү унаадагы 2 адам октон алган жаракатынан улам ооруканага жеткирилген. Алар Кыргыз өлкөсүнүн жарандары болушкан", - деп билдирет полициядан.
"Полиция аталган окуя боюнча ар түрдүү версияларды карап жаткан чагы. Кыргыз өлкөсүнөн келген эки ишкер баңгизатын ташуу ишине аралашкандар болушу мүмкүн. Бирок бул болжолдонуп жаткан версиялардын бири гана", - деп жазат маалымат каражаттары.