Бишкектеги күйүп жаткан имарат өчүрүлдү. Анын 150 чарчы метр чатыры күйүп кетти

Бишкектин Чыңгыз Айтматов атындагы кең көчөсүндөгү "Ретро-Метро" түнкү клубунун жанында жайгашкан жеке мейманкана күйүп кетти. ӨКМнын маалымат кызматынан SUPER.KG'ге кабарлашкандай, саат 19:56 чамасында өрт толугу менен өчүрүлдү. "Саат 18:20да бир кабаттуу имараттан өрт чыкканы боюнча маалымат түшүп, 2 өрт өчүрүү унаасы кырсык болгон жерге барган. Өрттүн кесепетинен имараттын 150 чарчы метр чатыры күйүп кетти. Өрттүн келип чыгуу себеби такталып жатат. Ал эми ал жер мейманкана болгонбу же жокпу азырынча так эмес", - деп билдиришти ӨКМнын маалымат кызматынан.

Такталбаган маалыматтарга караганда чатыры күйүп кеткен имарат жеке мейманкана болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан