Кемин районунда "12 жаштагы кызга шал кылуучу укол сайып, зордуктоого аракет кылган" деп шектелген дарыгер тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 13-сентябрда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Кемин райондук соту дарыгерди эки айга Бишкектеги №1-СИЗОго камоо тууралуу чечим чыгарган.
Айта кетсек, Кемин районунун Орловка шаарчасында 53 жаштагы дарыгер "ооруканада 12 жаштагы кызга шал кылуучу укол сайып, зордуктоого аракет кылган" деп шектелип жатат. Анын үстүнөн жазылган арыздын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 133-беренеси (ыплас аракеттер) боюнча кылмыш иши козголду.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова 6-сентябрь күнү жогорудагы факт боюнча министрдин атына кат келип түшкөнүн, учурда атайын комиссия түзүлгөнүн билдирген.