Ошто 41 жаштагы жаран карындашын зордуктоого шектелүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 13-сентябрда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 4-сентябрь күнү Ош ШИИБине 1987-жылы туулган жаран арыз менен кайрылган. Анда ал "20-август күнү 1976-жылы туулган бир тууган агам Фанта суусундугуна арак жана уктатуучу дары кошуп берип, зордуктап салды" деп билдирген.
"Учурда тергөө тарабынан соттук-медициналык, биологиялык экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгына карата иликтөө жүрөт. Андан сырткары ага-карындаштын өз ара начар мамилелери тууралуу дагы маалымат текшерилүүдө", - деп билдиришти Ош ШИИБинен.