Окуучулар "дедовщинанын" "коридор" ыкмасын колдонуп ойноп жаткан видео мындан 5 жыл мурун тартылган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жакын арада эле интернетке өспүрүм балдар эки сап болуп тизилип алышып ортодон өткөн баланы туш келди тепкилеп, уруп-согуп жатышкан видеосу тарап, талкууга алынган. Анда бул окуучулардын арасындагы "дедовщина", оюндун аталышы "коридор" деп аталат деген пикирлер калтырылган. ИИМ бул тууралуу иликтөө жүргүзөрү тууралуу маалымат таратканы белгилүү.
Маалыматка ылайык, Ички иштер министрлиги тарабынан 2017-жылы мындай окуя катталган эмес. Иликтөө иштеринин натыйжасында аталган видео мындан 5 жыл мурун Бишкек шаарынын Ленин районунда тартылганы такталган.
Белгилей кетсек, буга чейин интернет айдыңында окуучу балдардын бири-бирин ур-токмокко алуунун, үстөмдүк кылуунун ар кандай ыкмалары бар экени жарыяланып келген. Алардын арасынан "Космостон салам" деген да ыкма колдонулуп, жабыр тарткан окуучулар болгон.
Эскерте кетсек, ушул жылдын февраль айында Чүй облусунда дал ушундай окуучулар арасындагы жосунсуз "оюн" катталып,
6-класстын окуучусу жабыр тарткан. Окуяда кыз классташтары тарабынан сабалган. Буга "Космостон салам" оюну себеп болгон. Оюндун эрежесине ылайык, сабалган окуучу токмоктолгону тууралуу эч кимге айтпашы жана ыйлабашы керек. Ошондо гана жеңүүчү аталат. Окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп, тийиштүү
комиссия иш алып барган.