Бишкекте түн ичинде үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз делип, изделип жаткан 20 жаштагы Дильфуза Туратбек кызы табылды. Бул тууралуу кыздын жакындары SUPER.KG порталына билдиришти.
"Дильфуза бүгүн эртең менен Бишкектеги ооруканалардын биринен табылды. Азыркы учурда анын абалы жакшы. Эмне себептен ооруканага барып калганы жана үйдөн чыгып кеткени такталууда", - деп билдиришти жакындары.
Айта кетсек, Дильфуза Туратбек кызы 11-сентябрдан 12-сентябрга караган түнү саат 03:15 чамасында эч кимге айтпай үйдөн белгисиз тарапка чыгып кеткен. Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына арыз жазылып, изделип жаткан.
Дильфуза Туратбек кызы эл аралык "Ала-Тоо" университетинде 2-курста окуйт.