Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жол кырсыгы катталып, бир адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 13-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 12-сентябрь күнү саат 20:50 чамасында Тепке айылындагы ички чарбалык жолдо болгон. Анда айдоочу Мазда 626 үлгүсүндөгү унаасы менен бакты сүзгөн. Анын кесепетинен унаанын ичиндеги жүргүнчү каза болуп, айдоочу жабыркаган.
Окуя болгон жерге куткаруучулар барышып, каза болгон адамдын жансыз денесин чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.