Бишкектин Ак-Ордо жаңы конушунда дайынсыз делип изделип жаткан 1,5 жаштагы кыздын жансыз денеси үйүнүн жанындагы дааратканадан табылды. Бул тууралуу бүгүн, 13-сентябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 12-сентябрь күнү Ак-Ордо жаңы конушунун тургуну Ленин РИИБине кайрылып, 1,5 жаштагы кыздын жоголуп кеткенин кабарлаган.
"Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барышып, издөө иштерин жүргүзүшкөн. Анын негизинде ошол эле күнү изделип жаткан кыздын жансыз денеси үйүнүн жанындагы дааратканадан табылган. Учурда тиешелүү материалдар топтолуп, териштирүү иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти Бишкек ШИИББинен.
Буга чейин интернеттеги социалдык тармактарда 1,5 жаштагы Рабиянын изделип жатканы айтылган.