Ош шаарында быйыл 8 айдын ичинде өспүрүмдөрдүн катышуусунда 74 жол кырсыгы катталган

Ош шаарында жол кырсыгын алдын алуу боюнча рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 13-сентябрда Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Быйылкы жылы ушул күнгө чейин 250 жол кырсыгы катталып, 332 адам жаракат алса 7 адам каза болгон. Мындан улам жол кырсыктарын алдын алууну колго алып Билим берүү министрлиги, "Тез жардам" кызматы, Өрт коопсуздугун сактоо кызматы менен биргеликте рейд өткөрүп жатабыз", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Ош шаарында акыркы 8 айдын аралыгында өспүрүм балдардын катышуусунда 74 жол кырсыгы катталып, 82 бала ар түрдүү жаракаттарды алышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан