Кара-Суу районундагы жол кырсыгынан 6 адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 13-сентябрда Ош ОИИБинин Патрулдук милиция бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы Ош-Кара-Суу жолунда, Жаңы Мөнөк айылында (мурунку Кайрагач айылы) болгон. Анын кесепетинен 6 адам жабыркап, ооруканага жеткирилген.
Буга чейин окурман "ЭЛДИК КАБАРга" маалымат жөнөтүп, Жаңы Мөнөк айылында 5 унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталганын билдирген.