Чүй облусундагы Кегети токой чарбасынын кызматкерлерине "мамлекетке 1 миллион 342 миң сом зыян келтирди" деп кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 8-августта Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинин буйругу менен жүргүзүлгөн инвентаризациянын алкагында карагайдын 1466 көчөтү кемип калганы белгилүү болгон. Ар бир көчөттүн баасы 916 сомду түзгөн.
"Натыйжада жоголгон көчөттөрдүн жалпы баасы 1 миллион 342 миң сомдон ашкан. Кийин аталган иш боюнча Чүй райондук прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси (тапшырылган мүлктү менчиктөө жана коромжуга учуратуу) жана 316-беренелери (шалаакылык) боюнча кылмыш ишин козгогон. Аталган иш Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген", - деп айтылат маалыматта.