Ысык-Көл облусунда жай айларында чет элдик туристтерге карата 38 кылмыш катталган

Ысык-Көл облусунда жай айларында чет элдик туристтерге карата 38 кылмыш катталган. Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрда Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

"Туристтерге карата уурулук, ден соолукка зыян келтирүү, бейбаштык, зордуктоого аракет кылуу сыяктуу фактылар катталган. Жабыркагандардын көпчүлүгү Орусия жана Казакстандын жарандары. 38 кылмыштын баары Ысык-Көлдөгү эс алуучу жайлардын ичинде болгон", - деп билдирди Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов.

Усубакуновдун айтымында, чет элдик туристтерге карата жасалган кылмыштар былтыркыга салыштырмалуу азайган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан