Бүгүн, 14-сентябрда Бишкек шаардык сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча соттук отурум уланууда. Отурумдун жүрүшүндө Текебаевдин жактоочусу "13-майда саат 16:00дөн 18:30га чейин Текебаев менен "Супарада" жолуктук" деген Модиндин көрсөтмөсү туура эмес экенин айтты.
Ал ошол күнү Модиндин кайсы жерден телефон менен сүйлөшкөндөрү тууралуу отчётту көрсөтүп "Модин саат 16:00дөн 18:30га чейин "Ала-Тоо" аянтынын тегерегинен бир нече жолу сүйлөшкөн. Жадакалса Маевскийге да чалган эмес. Демек, ал жалган көрсөтмө берген" деди жактоочу.
Андан сырткары сотто 13-майда Текебаевдин Жогору Кеңештин жыйынында жүргөн видеосу көрсөтүлдү. "Модин "Ала-Тоо" аянтынын жанында жүрсө мен Жогорку Кеңештин жыйынында жүрсөм, анан кантип "Супарада" жолугабыз", - деди Текебаев.