Учурда интернет айдыңында “Кларага жардам беребиз” деген кайрымдуулук акция жүрүп жатканы маалым. Клара Алибекованын айтымында бул акция тууралуу ага маалымдалган эмес. Эжелеринен угуп таң калган ырчы: “Эжемдер дагы угушкан экен, “сен эмне, кайрымдуулук деп элден акча чогултуп, такыр эле кароосуз калдың беле?” дешти. Жарыянын алдындагы комментарийлер ого бетер жүрөгүмдү өйүттү. Айрымдар мени ооруп калган окшойт деп ойлошуптур. “Дени-карды соо Клара өзү иштебейби?! Ырчылар ушинтип элден акча чогултуп жашай беришсе болобу?” деген да комментарийлер жүрөт”, - дейт.
Ырчынын дил маегин “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№776, 15-cентябрь, 2017-жыл) окуй аласыз.