Кеминде жергиликтүү тургунду "муунтуп өлтүрүп, каналга ыргытып жиберген" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрда Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя ушул жылдын 31-июль күнү аталган райондун Подгорное айылында болгон. Анда 40 жаштагы С.М. чогуу спирт ичимдигин ичип отурган 47 жаштагы И.Т. менен уруша кетип, аны муунтуп өлтүрүп, Чоң Чүй каналына ыргытып жиберген.
"Шектүү маркумга тиешелүү унааны айдап качып баратып Бишкек-Торугарт унаа жолунун 75-чакырымында жол кырсыгына кабылган. Айдоочу ооруканага жеткирилип, бирок ал жактан качып кеткен. Жүргүзүлгөн ыкчам изилдөө иштеринин негизинде кырсыкка кабылган унаа И.Тга таандык экени аныкталып, анын жансыз денеси 6-август күнү Алга айылындагы каналдан табылган. Ал эми август айынын аягында С.Мнын жашынып жүргөн жери аныкталып, кармалган. Азыркы тапта кылмыш иши козголуп, шектүү тергөө абагына киргизилди", - деп айтылат Чүй ОИИББинин маалыматында.