Казакстанга өтүүгө аракет кылган Кыргыз жараны жасалма паспорт менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 14-сентябрь күнү Кыргыз-Казак чек арасындагы "Ак-Тилек унаа жолу" көзөмөл-өткөрүү жайында 1972-жылы туулган Ф.Б. аттуу Кыргыз жараны кармалган. Ал жасалма паспорт менен Казакстандын аймагына өтүүгө аракет кылган.
Учурда тиешелүү материалдар толтурулуп, кармалган жаран УКМКнын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.