Ноокенде Ауди менен Хундай Портер сүзүшүп, 6 адам каза болду

Ноокен районунун Достук айыл аймагында жол кырсыгы катталып, 6 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ауди-100 үлгүсүндөгү унаа менен, Хундай Портер үлгүсүндөгү унаа кагылышкан. Окуя болгон жерге ӨКМнын 11 куткаруучусу тартылган. Жол кырсыгынын кесепетинен Ауди-100 унаасындагы 6 адам каза болгон (5 адам жол кырсыгы болгон жерден, 1 адам ооруканадан).

Каза болгондордун жансыз денелери Кочкор-Ата шаардык ооруканасынын өлүкканасына жеткирилген. Ал эми Хундай Портер унаасындагы жабыркаган 1 адам, Шамалды-Сай шаардык ооруканасына жеткирилген. Окуя кечээ, 14-сентябрда түнкү саат 10:00дөр чамасында болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
kyrgyz.kg83
2017-09-15 10:18:43
Бир туугандарына сабыр берсин,кайгынарды тен болушобуз,маркумдарга кудайым жаннатынан насип етсин,кудайым озун сактай кор кыргызымы
+4
kuba.kq8705
2017-09-15 10:24:32
жайлары жаннаттан болсун жакындарына сабыр берсин ! жолду ондобосо левый правый рульга карабайт
+7
Aiman0303
2017-09-15 10:34:35
Allah kunoolorun kechirsin. Bir tuugandaryna sabyr. Aidoochularga kattuurak jaza koldonush kerek.
+2
aitowa11
2017-09-15 10:37:03
Жолдордун баарын кытайлар салып атат жолдо олгон кытайларды асфалтка кошуп комуп салышат экен. Келечекте бул жолдор биздики болот, кыргыздар озунон озу кырылып олот деп. Анткени жол кан тартат экен. Ошон учун тез-тез кан чыгарып куран окутуп туруш керек.
-13
Altysha89
2017-09-15 10:39:26
Ар куну аянычтуу өлүм. Жолго чыгыштан да коркосун. Авто менен да жөө жургөнгө да кооптуу болуп баратат. Кайсы убакта каерден уруп кетет деп... Ар бир айдоочу эрежени сактаганга тоолук турдө милдеттүү. Машинан болсо кубөлугун болсо учуртуп айдаш максат эмеско. Болуп жаткан авариялар эрежени сактабагандан болуп жатат да. Ар бир болгон кырсыкта айдоочулар да өлуп жатат. Алдын алышбайбы... көзу өткөн мекендештерибиздин жайлары жаннаттан болсун.
+7
amantur.kgg
2017-09-15 10:57:23
Кече иним машинамды минип кеткен Таш комурго коркуп кеттим меникида Ауди 100 болчу жайын жаннатан болсун
+4
tumann.
2017-09-15 10:59:23
Мына муну кырсык дейт. Сол ролду машина да кагышат. Соз айдоочунун озундо.
+4
grace
2017-09-15 11:02:58
Айланайын кыргыз элим абайлап айдагылачы! Көзү өтүп кеткен мекендештердин жандары жаннатта болсун.
+2
kyrgyz-patriotu
2017-09-15 11:09:25
Кун сайын жол кырсыктары болуп жатат, канчалаган адамдардын омурлору кыйылып,каза болуп атат. Ошону коруп,угуп жатып катуу айдашат. Аудиде 6 кишиге уруксат эмес салганга ашыкча ошондон да кооптуу жаратат
+3
Nuskamusi
2017-09-15 11:11:44
Окул таятамдын жаткан жери жайлуу болсун.Туугандарыма сабыр тилейм,кайрат кылыныздар.
+3
Leilek-razzakov
2017-09-15 11:18:10
Шамал менен жарышып аттанасың,
Ылдамдыкты күчөтуп мактанасың.
Бул дуйнөдө минип жургөн унааңыз,
О дүйнөгө жеткирип таштабасын.
Дегендей айдоочулар акырыныраак айдагыла, кырсык каш кабактын ортосунда.
+9
KIPCHAK-KALMAK
2017-09-15 11:26:22
оту айрылгыча айдагандарга чала бугун ерте менен обьезде келе жатсам жолдун каршы тилкесинде Вента авто шашып келетат жолдо машиналар деле аз болчу шашпай эле айдаса болот олгону шашкандай айдашат
+2
tatynam_88
2017-09-15 11:59:11
Тооба кылдым.кудай сактасын.журоктун ушун алып бутту,ар жерде 4тон 5тен болуп эле кырсыктап коз жумушат.жолго чыкканга коркосун.Ош Бишкек жолунда жургонго коркосун.акырын айданыз деп улам шоферго эскертесин,секундда унутуп,самолетту башкаргандай учуртат.оздорун башкара албайбы же.энергетичный напитокту 10саатта 4.5тен ичишет.жетчу жерине жеткенче Тооба кылып ,келмен оозундан тушпой калат.акырын айда,шашпа десен оймына 100до эле баратам дейт.негизги айып айдоочуларда.абай болгула туугандар
+1
Karban86
2017-09-15 14:10:36
Абайлагылачы айланайын бир туугандар
+2
bakulya2015
2017-09-15 21:11:32
Жаткан жерлери жайлуу болсун!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан