Чычкан капчыгайында мыйзамсыз бак кыйган жаран 10 миң сомго жакын айып төлөдү

Токтогул районундагы Чычкан капчыгайынын Ит-Агар тилкесинде бактарды мыйсамсыз кыйган жаран аныкталды. Экологиялык-техникалык мамлекеттик инспекциянын кызматкерлеринин текшерүүсүндө Ө.Б. аттуу жаран өз билемдик менен бак кыйып жаткан жеринен кармалган.

"Бул иш боюнча жеринде инспекторлор тарабынан мыйзамсыз иш токтотулуп, тийиштүү иш кагаздары толтурулган. Териштирүүнүн жүрүшүндө мыйзамсыз бак кыйгандыгы үчүн аталган жаранга 1000 сом айып жана 8900 сом доо коюлган. Учурда коюлган айып, доолор толугу менен өндүрүлдү", - деп билдиришти аталган мекемеден.

Эске салса кетсек, өз билемдик менен уруксаты жок бак-дарактарды кыюуга тыюу салынат. Мыйзам боюнча уруксатсыз, өз билемдикке салып, коргоого алынган бактарды кыйгандарга ири айып, доолордон сырткары кылмыш жоопкерчилиги да каралган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан