Бишкекте таштандыдан табылган ымыркайдын энеси табыла элек. Бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Бишкек ШИИББинин маалыматы боюнча, азыркы тапта тиешелүү экспертизалар дайындалып, ыкчам изилдөө иштери жүрүп жатат.
Айта кетсек, 14-сентябрь күнү Бишкектеги Кустанай жана Астрахань көчөлөрүнүн кесилишиндеги таштанды таштоочу контейнерден ымыркайдын жансыз денеси табылган. Окуя болгон жерге Бишкек ШИИББинин жана Ленин РИИБинин кызматкерлери барышкан.