Лондондогу метродо жарылуу болуп бир канча адам жабыркаганын чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты. Күбөнүн айтымында, вагондордун биринде ак түстөгү контейнер жарылган. Интернетке жарыяланган сүрөттө пакеттин ичиндеги ак чакада бир нерсенин күйүп жатканын көрүүгө болот.
Полиция окуя катталганын тастыктаганы менен толук маалымат берише элек. Азыркы тапта метро "Эрлс Корт" станциясынан "Уимблдон" станциясына чейин жабык.