“Ата Мекенчи” Райкан Төлөгөновдун сотунда мурдагы депутат Туратбек Мадылбеков көрсөтмө берди

Бүгүн, 15-сентябрда мурдагы депутат “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Райкан Төлөгөновдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум уланды. Отурумда тергөө иштерине байланыштуу күбөлөр суралды. Бүгүн бул ишке күбө катары мурдагы депутат Туратбек Мадылбеков чакырылды.

2010-жылы 7-апрелде Убактылуу өкмөт мени Бишкек шаарына комендант, ШИИББинин башчысы кылып дайындаган. Кечки саат 10дордо Роза Отунбаева чакырып, мени кызматка дайындаганын айтып, Бишкек шаарында тартип орнотууну тапшырышты. Ал жерде Бишкек ШИИБиндеги орун басарлар менен штаб түзүп, шаардагы төрт райондун башчысы менен абалды тактадым. 8-апрелде жардам көрсөтүүгө 400дөй спортчулар келишти. ИИМдин ардагерлери да жардамга колун сунду. Биз абалды жөнгө салуу үчүн 17 саат иштедик. Ошондо гана талап-тоноолор токтогондой болду. Мен өзүм бөлмөдөн 3 суткадай уктаган жокмун. Үч суткадан кийин аскердик техникалар менен шаарда жүрүш уюштурдук. Ошондон кийин абал тынчып эл ыраазы боло баштады. Үч сутканын ичинде Төлөгөнов менен жолуккан жокмун. Менин эки шаардык телефонум бар эле. Уюлдук телефонум бар болчу. Нөөмөт телефонум, андан сырткары беш телефонум бар эле. Бирок бир да жолу Төлөгөнов мага чалган эмес. Аны бардык телефондук архивдерден издеп көрсөңөр болот”, - деди Мадылбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан