Бүгүн, 15-сентябрда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда Жогорку Кеңештин оппозициялык "Ата Мекен" фракциясынан депутат Аида Салянованын иши каралып жатат. Отурумдун жүрүшүндө Аида Салянова көрсөтмө берип, Алексей Елисеевдин жактоочулук лицензиясы 2010-жылдан кийин ага кереги деле тийбегендигин айтып жаткан. Сот андан ишке тиешелүү нерселерди сүйлөөсүн талап кылып, сөзүн токтоткон соң ага нааразы болгон Аида Салянова: "Урматтуу сот, сиз менин сөзүмдү бөлө бербешиңизди талап кылам. Сиз менин сөзүмдү аягына чыгарбай бузуп жатасыз, мен кандай жооп бериш керек деп ойлосом ошондой жооп берем", - деди.
Натыйжада Салянова менен соттун ортосунда кайым айтышуу орун алып, ага отурумга катышып жаткан адамдар да аралашууга жетишти. Кайым айтышууга активдүү аралашкан Салянованын коомдук жактоочусун сот залдан чыгарып жиберерин айтып эскертүү берди. Бул чууга байланыштуу отурум өтүп жаткан залга милиция кызматкерлери чакырылып, кийин жактоочулар сотко ишенбөөчүлүк көрсөтүшүп, сот кеңешме бөлмөсүнө кирип кетти. Милиция кызматкерлери да сыртка чыгып кетишти. Сот кеңешме бөлмөсүнөн кайтып келген соң Салянованын жактоочуларынын өтүнүчүн четке какты. Учурда соттук отурум уланууда.