Орусиянын Москва шаарында жана Москва облусунда катуу шамалдан бир нече дарак кулап, 15 адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 16-сентябрда жергиликтүү маалымат булактары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, шамалдын кесепетинен 150дөй дарак кулап, 6 имараттын чатыры зыянга учураган. Жабыркагандардын арасында жаш балдар да бар деп айтылат маалыматта.
Москванын "Домодедово" аэропортунда 21 каттам учпай кармалган. Ал эми "Шереметьево" аба каттамында 5 каттам токтотулган. Шамалдын кесепетин жоюуга 37 миң адис, 5 миң атайын техника тартылган.