Кытайда ак кууну уурдаган жаран эркинен ажыратылды. Бул тууралуу бүгүн, 16-сентябрда чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Чжоу аттуу жаран Шанхай шаарындагы эс алуучу жайдан ак кууну уурдап кеткен. Кармалган адам алгач досу менен түнкүсүн көлмөдөн балык уулоо максатында барып, ойлору ишке ашпай калган. Кийин алар эс алуучу жайдан кетип баратып ак кууну баштыкка салып, уурдап кетишкен.
Сюйхуэй райондук сотунда уурулук кылган жаран күнөөсүн моюнуна алган. Ал уурдап барган ак куунун этин кууруп, бирок ага эттин даамы жакпагандан улам жеген эмес деп айтылат маалыматта.
Полиция көчөгө коюлган видеокамеранын жардамы менен кылмыш кылгандарды таап алган. Кармалган адамга карата сот 6 ай эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган.