Чүй облусунун Жайыл районунда күйүүчү май ташуучу унаа күйүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 16-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун 100-чакырымында күйүүчү май ташуучу унаа өрттөнгөн. Кырсык болгон жерге өрт өчүрүүчүлөр тартылып, жалын өчүрүлгөн. Кырсыктын кесепетинен 28 тонна күйүүчү май толугу менен күйүп кеткен. Жабыркагандар жок.