"Ислам мамлекети" террордук уюму Лондондогу жардырууну жасаганын моюнуна алды

"Ислам мамлекети" террордук уюму Лондон метросундагы жардырууну өз моюнуна алды. Бул тууралуу Reuters басылмасы аталган уюмдун Amaq аттуу агенттигине шилтеме берип жазып чыкты.

Белгилей кетсек, 15-сентябрда болжол менен саат 8:20 чамасында Лондондун "Парсонс Грин" метросунда жарылуу болуп, 30га жакын адам ар түрдүү жаракаттарды алышкан. Күбө болгондордун айтымында, аталган метронун ичинде калтырылган ак түстөгү контейнер жарылган. Полиция кызматкерлери жарылуучу каражат колго жасалгандыгын болжошту.

Такталбаган маалыматтар боюнча, башында 20га жакын адам күйүк жаракаттарын алышканы кабарланган. Кийинчерээк жабыркагандардын саны 29 адамга жеткен. Окуя боюнча Лондондун контртеррордук полициясы алектенүүдө. Маалым болгондой, жардырууга шектүү адам тууралуу маалыматтар чогултулууда.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Bolunbo.kyrgyz
2017-09-17 10:20:23
Кимди ким жок жерден жалаа жаап жаман корсотсо. Аллахым буйруп харви бороону жер менен жексен кылып кетсин.
0
gugu2727
2017-09-17 12:47:19
Мойнуна алган адамдын сүрөтү барбы
0
Aziyat
2017-09-18 05:05:49
Ислам мамлекети деген ким же кайсы мамлекет? Кандайча мойнуна алды? Биз жасадык дедиби? Кызык....
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан