Жалал-Абадда эки бир туугандын мушташынан бири каза тапты

Жалал-Абад облусунда эки киши мушташып кетип, алардын бири каза болуп калгандыгын бүгүн, 18-сентябрда Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев билдирди. Маалыматта белгилүү болгондой, окуя 17-сентябрда болгон. Милиция бөлүмүнө саат 10:30 чамасында чалуу болуп, анда Базар-Коргон районуна караштуу Могол айыл аймагынын Көк Тоңду айылындагы үйлөрдүн биринде адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат айтылган.

"Ыкчам топ окуя болгон жерге барып, белгисиз адамдын жансыз денесине күбө болушкан. Иликтөөнүн негизинде каза болгон адам 43 жаштагы Н.Ж. аттуу жаран экени аныкталды. Анын денеси табылган үй маркумдун атасына караштуу болгон. Бирок маркумдун ата-энеси жок, ал үйдө жашашчу эмес. Алдын ала кароолорду жүргүзгөндө каза тапкан жаран зомбулук менен өлтүрүлгөндүгү аныкталган. Ошол эле жерден маркумга сокку урулган оор предмет далил буюм катары алынды.

Көп өтпөй адам өлтүрүү фактысына шектүү катары ошол эле айылдын тургуну 54 жаштагы К.Ж. аттуу жаран кармалган. Ал маркумдун бир тууган агасы болгон. Маалыматтар боюнча эки бир тууган буга чейин эле айрым пикир келишпестиктерден улам чырдашып жүрүшкөн", - дейт Осмонбаев.

Ошондой эле катчылыктан кошумчалашкандай, каза болгон жаран үй-бүлөсү жок болгон. Ал эми шектүү катары кармалган жаран үйүндө балдарын карап аларды бакчу. Аялы болсо Орусияда иштеп жүргөндүгү маалым болду. Окуя боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш жана Жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүмү (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө абагына киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
aerforce
2017-09-18 12:55:23
балекет заман болду бир туугандар бирин бири олтуруп кудайым ушундай олумдон
+6
Beks.Kasymov
2017-09-18 13:03:20
эмне болуп урушту екен?
0
almanbetperm
2017-09-18 13:21:13
Beks.Kasymov,бир горго кеткен анан темир торго кеткен билет
+5
Ramo6676
2017-09-18 13:22:36
Адамдар эмне болуп баратабыз.
+4
beka1207
2017-09-18 14:23:09
Жаман иш болуптур,таба дебей тообо дейли
Кудайым бөөдө кырсыктан өзү асырасын
+5
Krai
2017-09-18 18:05:08
Эх пенделер эмне болуп баратабыз оо кудай ай бир туугандар бир эмчекти соргондор энинин ичинде батып келген эми 50дон ашканда небере коруп калганда оз балдарынан неберелеринен ашыкча кордунбу бир тууганыны эми сага эч ким бир тууган болуп бербейт кичиненде бир кесим нанды бөлуп жеген кийиминди чогуу кийген сен учун бир тууган кандай гана жолго барбайт эле сени эш тутуп агам эле деп канча жолу боор берди эле ээми анын баары жок сен кылмышкерсин акмаксын
+2
satiev87
2017-09-18 19:47:31
Акмак!!! биртууганына кантип колун барды бир боор тирек болуунун ордуна.
+2
AYTEN_91
2017-09-19 00:09:42
Он козун сол козуно душман деген ушул го тообо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан