Чүй облусундагы сүт фермасында өрт чыгып, 25 жаштагы жигиттин денесинин 90 пайызы күйүк алды. Азыр ал жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, өрт кырсыгы 19-сентябрга караган түнү Аламүдүн районунун Маевка айылындагы сүт фермасында болгон. Анда ферманын темир каркаска шифер жабылган аянты 300 чарчы метр кампанын чатыры, ичиндеги темир цистерна жана 5 резервуарда куюлган 6 тонна “Нефрас” жана 2 тонна күн карама майы күйгөн.
Өрт болгон жерден 25 жаштагы жарандын денесинин 90 пайызы күйүк алган. Азыркы учурда жабырлануучу Бишкек шаарындагы №4-оорукананын күйүк борборунун жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
Өрт эки сааттын ичинде толук өчүрүлгөн.