Бишкек шаардык сотунун сот залында учурда абакта отурган депутат Өмүрбек Текебаев менен экс-министр Дүйшөнкул Чотоновдун кылмыш иши боюнча сот отуруму уланууда. Отурум учурунда Текебаев өлкөдөгү саясий кырдаалга тынчсызданып жатканын айтты.
"Мен үчүнчү революциянын болушун каалабайм. Бирок өлкөдөгү саясий кырдаалга тынчсызданып жатам. Кокусунан бир нерсе башталып кетсе эле Атамбаев Акаев жана Бакиевдин жолун кайталаганы турат. Бирок Атамбаевди Кытай менен Катар эле кабыл албаса, Москва менен Минск кабыл албайт. Аларды таарынтып алган", - деди Текебаев.
Соттук отурум саат 14:00дө кайра уланат.