Таласта өз атасын өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды

17-сентябрда болжол менен таңкы саат 4:40 чамасында Талас ОИИБине Талас шаарындагы үйлөрдүн биринде зомбулук менен өлтүрүлгөн адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Дене табылган үйгө милиция жана медицина кызматкерлери барганда анын денеси муздап калган. ИИМдин маалымат кызматы кабарлагандай, каза болгон жаран ошол үйдүн ээси, 1953-жылы туулган И.С. аттуу жаран экени аныкталды.

"Маркумдун денесине кароолорду жүргүзгөндө, анда зомбулук менен келтирилген жаракаттар байкалган. Ошондой эле бөлмөдө ичилген спирт ичимдигинен калган бош бөтөлкөлөр табылган. Аталган кылмыш боюнча соттук-медициналык, соттук-биологиялык жана башка экспертизалар дайындалып, адам өлтүрүү беренеси боюнча кылмыш иши козголду", - деп жазылат маалыматта.

Иликтөөнүн негизинде кылмышка шектүү катары 1981-жылы туулган И.В. аттуу адам кармалган. Ал маркумдун туугандарынын үйүндө жүргөн. Алгач ал кылмышты жасабагандыгын айтып, жакынынын өлүмүнө кайгырып жаткандыгын билдирген. Кийин маалым болгондой, шектүү каза тапкан адамдын баласы экени айтылууда.

Маалыматта кошумчалангандай, экөөнүн ортосунда чыр чыгып кеткен. Шектүү адам өлтүрүүгө мас абалында баргандыгын айтат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан