19-сентябрда Мексикада күчү 7,1 баллдык катуу жер титирөө катталды. Табият кырсыгы өлкөнүн борбору Мехикодо да байкалды. Жер силкинүүнүн очогу Пуэбла-де-Сарагоса шаарынан 58 чакырым алыстыкта болгон. Бул тууралуу, чет элдик маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматта айтылгандай, табият кырсыгынан каза болгондордун саны өсүүдө. Учурда 139 жарандын көз жумганы кабарланды.
Акыркы маалыматтарга караганда өлкөнүн борборунда 44 имарат кыйроого учураган. Куткаруучулар жана ыктыярчылар кырсыктан жабыркаган же каза болгон адамдарды издеп жатышат.
Белгилүү болгондой, жер силкинүү жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат 21:13тө Бишкек убактысы боюнча түнкү саат 03:14тө катталган.
Жер титирөө катталган аймактарда 20 миллиондон ашуун калк жашайт. Борбордук бийлик өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыялаган. Кырсык коомдук-транспорттук каттамдарга тоскоолдук жаратты. Эл аралык аэропорт жабылып, метро каттамдарынын 95 пайызы жүргүнчүлөрдү ташууга жарактуу экенин Мехико шаарынын мэри Мигель Анхель билдирген.