Бүгүн, 20-сентябрда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын соттук иши каралууда. Отурумдун жүрүшүндө Салянова сурак берди. Ага айыптоочу тарап суроо узатуудан мурун Аида Саляновага коюлган айыптарды айтып аны 8 жылга эркинен ажыратып мүлкүн конфискациялоону соттон суранды.
Эскерте кетсек, 2016-жылдын декабрь айында Саляновага "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталууда.