АКШда Кыргыз жараны Линкольндун мемориалына "Нуртилек" деп жазганы үчүн кармалды

АКШнын Вашингтон шаарында Кыргыз жараны вандализмге шектелип кармалды. Бул тууралуу New York Daily News басылмасы жазды.

Маалыматка караганда, 21 жаштагы студент Нуртилек Бакиров 18-сентябрда кармалган. Ал Авраам Линкольндун мемориалына "Нуртилек" деп жазганы үчүн айыпталууда.

Эгер Кыргыз жараны күнөөлүү деп табылса 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн же 25 миң долларга чейин айып пул төлөйт.

Айта кетсек, Авраам Линкольн 1809-жылы 12-февралда АКШнын Кентукки штатынын Гардинг округунда жашаган Томас жана Ненси Хэнкс Линкольндордун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Ал 1861-жылы АКШнын 16-президенти болуп шайланып, ал АКШнын Конституциясына көптөгөн кошумчаларды киргизип, кулчулукту түп-тамыры менен жойгон.

Линкольн Американын тарыхында "улутту сактап калган президент" аталып, америкалыктардын пикирине караганда ал эң интеллектуалдуу президент жана азыркы күнгө чейин өрнөк боло турган адам деп саналып келет.
Ал эми Авраам Линкольнго арналган мемориалдын курулушу 1914-жылы башталып, 1922-жылдын 30-майында ачылган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (39)
friendwipkg
2017-09-20 11:33:07
Көктөн түшкөн белги. Атамбаев АКШда болсо 25миң төлөп тезинен ала келсин. Жээнбековду эшикке чыгарып, ордуна Нуртилекти койобуз.
-6
aytkulova
2017-09-20 11:37:25
Маданиятсыздыгыбыз ушул жерде билинип калды))
+5
Dembele84
2017-09-20 11:52:16
Эстелик кылып Америкада атын калтырайын деген экен да.Эми атынды зонанын торт дубалына жазып жыргайсын же 25000$ толотуп ата энени сыздатасын!
-4
Saidochka
2017-09-20 12:49:19
Жаза турган жерди таппасан сыйпалап кал...
+3
Jarookerjan
2017-09-20 13:26:06
Ушул оз атын ар жерге жаза бергендерге эч эле тушунбойм.Дарактарда,аялдамадагы отургучтарда,дубалдарда,автобустарда,ал тургай ажатканаларда толо кыргыздардын аттары.Атын жазып койсо эле озуно кадыр барк алып келе тургансып,же белгилуу болуп кете тургансып.
Бутун турган нерсени оюп,кырып жазгандарычы дагы.Коруп зээнин кейийт.
+7
Nurmat92
2017-09-20 13:46:13
Jarookerjan,атын мемориалга жазып атагы чыкты го
-6
aiza16
2017-09-20 14:16:50
Маньяктар ушинтип жазат.
-2
Tatynakay
2017-09-20 14:26:28
Эх кыргызым!Кайсы жерде жүрбөйлү кыргыздыгыбызды көргөзөбүз го.
+4
kuba502
2017-09-20 14:49:30
Бул дагы кайсы ХХХХ экен
+3
ALMAAAN
2017-09-20 15:06:13
Жиндикенго ойлонбойбу жазып атканда
+3
suban78
2017-09-20 15:15:22
Азамат, кыргыздын чыгаан уулу барып империянын президенти болгон адамдын эстелигине атын жазса суйунуш керек. Маладэээс.
-6
Baktikan
2017-09-20 17:15:53
suban78,osho jazgan adamd dagi sendei akilzis oydy oilop jazdi da~
+2
Gulum91
2017-09-20 16:09:57
Акылы жайында элеби 21 жаш деген чоон эле ак мн караны ажыратып билет тушунугу жок десе атын жазса эле озгоруп кетеби тушунбойсун.Ботон эл ботон жерде журуп колундагы кичине мусорду кочого ташташтан коркосун кимиси коруп штраф салат деп бир отуруп чык акылына киресин и улгуда болосун башкаларга
+2
Mr.enriiko
2017-09-20 16:23:43
Здесь был Нуртилек внук Линкольна когдато Линколь был а средней Азий и там погулялда короче ал чон атасын издеп барган Атаанын кереези!
-5
Kazya
2017-09-20 21:58:07
Алда айланайын аййа, каап башка эле созду жазса болмок.
-1
Lion.
2017-09-21 01:28:11
Ээ Нуртилек Нуртилек деп.
Кантседа озубуздун бала, элчилик киришип жардам берсин тууганыбызга
-2
sen
2017-09-22 18:26:25
Атын чыкпаса эстеликке атынды жаз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан