Сотто прокурор Салянованы 8 жылга эркинен ажыратууну сураган соң анын тарапташтары менен прокурорлор кайым айтышып кетишти

Бүгүн, 20-сентябрда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын соттук иши каралууда. Отурумдун жүрүшүндө айыптоочу тарап соттон Салянованы 8 жылга эркинен ажыратууну сураган соң анын тарапташтары сот залында чуу көтөрүп айыптоочуларга нааразычылыктарын билдиришти. Сот залында отургандар соттук процесстин жүрүшүн 1937-1938-жылдар, Сталиндин учурундагы репрессия менен салыштырышып, 8 жыл көп экендигин, Аида Салянованын күнөөсү жок экендигин айтып кыйкырышты. Ызы-чуу учурунда прокурорлор соттон аларды залдан чыгарып салууну өтүндү. Айыпталуучунун тарапташтары тынч отурарын айтышып, зал тынчтанды. Сот Салянованын тарапташтарына эскертүү берип кийинки жолу чыгарып саларын айтты.

Кийинки кезектеги маселе жарыш сөзгө каралган убакыттын ченеми боюнча болот.

Эскерте кетсек, 2016-жылдын декабрь айында Саляновага "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталууда.

Аида Салянованын сотунда дагы ызы-чуу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Gold81
2017-09-20 11:46:50
Эн туура эмес чечим сураптыр! Туура эмес иштерди жасап жатышат! Кийинкилерин ойлошсо жакшы болмок бул прокурорлор соттор!
+1
Abdyrashit.Satylganov
2017-09-20 11:51:50
Бул деген кайтар дүйнө да, убагында Аида эжебиз деле түшүнүксүз кадамдарга барып, элдин эсин оодарганы, эмдигиче эсибизде. Кызмат түбөлүктүү эмес, кече ким элең?, бүгүн ким болдуң?, эртең ким болосуң? эч ким билбейт.... Мисалы:Аида эжебиз прокурор болуп турганда, минтип сотто олтурат деп эч ким ойлобогон эле.Жада калса өзү деле ойлонуп көрбөгөн болушу керек. Эртең эмне болуп кетээрин эч ким билбейт, андыктан прокурор, сотторго ыйман бере көрсүн
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан