Нарында 46 жаштагы жаранды түн ичинде унаа сүзүп кетип каза болду. Окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу өз үйүнөн кармалды

Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунун Ак-Тал айылында 46 жаштагы жаранды унаа сүзүп кетип каза болду. Окуя 19-сентябрга караган түнү саат 01:00 чамаларында аталган айылда катталган.

Бул тууралуу SUPER.KG'ге бүгүн, 20-сентябрда Нарын ОИИБинин Патрулдук милиция бөлүмүнүн башчысынын орун басары Тилек Оторов билдирди.

Анын билдиришинче, айдоочу унаасы менен окуя болгон жерден качып кеткен. "19-сентябрь күнү милиция кызматкерлери издөө иштерин жүргүзүшүп, натыйжада кырсыкка шектүүнү колго түшүрүштү. Ал Нарын районунун 23 жаштагы тургуну болуп чыкты. Милиция кызматкерлери шектүүнүн үйүнө барышканда кызыл түстөгү Ауди үлгүсүндөгү кырсыкка кабылган унааны көрүшкөн. Шектүү күнөөсүн моюнуна алды. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, атайын экспертиза дайындалды", - деди Оторов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
eddi.kg
2017-09-20 15:49:43
Качып кеткенден көрө ошол адамга жардам берсе балким аман калмакпы.Эми өзүңдөн көр күчөтүлгөн режимде эркиниңен ажыратыласың
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан