Аида Салянованын сотуна экс-президент Роза Отунбаева жана бир катар "Ата Мекенчи" депутаттар келишти. Отурум бир саатка жылып калды

Бүгүн, 20-сентябрда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда мурдагы Башкы прокурор Аида Салянованын соттук иши каралууда. Отурумда жактоочусу менен коомдук жактоочусу жарыш сөзгө даярданууга жетишпей калгандыктан отурум саат 15:00гө жылдырылды.

Мындан сырткары отурумга катышуу үчүн Убактылуу Өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева менен Жогорку Кеңештин депутаттары Алмамбет Шыкмаматов жана Наталья Никитенко келди. Ошондой эле ондогон Салянованын тарапташтары да келишти. Буга байланыштуу Ленин райондук сотунун кире беришине жана ичине милиция кызматкерлери күзөткө коюлду.

Айта кетсек, бүгүнкү түшкө чейинки отурумда айыпталуучунун жактоочулары жарыш сөзгө даярдануу үчүн бир жума мөөнөт сурашкан. Буга каршы чыгышкан айыптоочулар алардын бардык иштин жүрүшүнөн кабары бар экенин айтып, отурумду бүгүн түштөн кийин улантууну өтүнүшкөн. Жыйынтыгында сот жактоочулардын талабын четке кагып, мамлекеттик айыптоочулардын өтүнүчүн канааттандырган болчу.

Эскерте кетсек, 2016-жылдын декабрь айында Саляновага "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
gulmira12345
2017-09-20 15:00:52
негизи ата мекенчилер бир убактубакта аяабай кооп кеттинер эле бирок бирок азыркы тапта силер тарап болтам
-1
rysik79
2017-09-20 17:30:56
Аиданы айткан Аша кооооой деп. Аида укпай койду, Розажан Датка деле койсо болмок акылдуу эле жан эле. Аралашып болушо албаган жери бар да. Бирок бийлик тин каары жаман экенин унутуп калышат да. Тулеев окуду го бийликтин каары жонундо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан