Сотто Салянованын жактоочулары жарыш сөзгө даяр эмес болгондуктан отурум башка күнгө жылды

Бүгүн, 20-сентябрда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда мурдагы Башкы прокурор Аида Салянованын соттук иши каралууда. Отурумда жактоочулар жарыш сөзгө даярданууга жетишпей айрымдары келбей калгандыктан отурумду башка убакка жылдырууну өтүнүштү. Сот тараптардын оюн сурады. Алар каршы эмес экендиктерин билдиришкен соң отурумду 22-сентябрь күнү саат 9:00гө жылдыруу чечимин кабыл алды.

Айта кетсек, бүгүнкү түшкө чейинки отурумда айыпталуучунун жактоочулары жарыш сөзгө даярдануу үчүн бир жума мөөнөт сурашкан. Буга каршы чыгышкан айыптоочулар алардын бардык иштин жүрүшүнөн кабары бар экенин айтып, отурумду бүгүн түштөн кийин улантууну өтүнүшкөн. Жыйынтыгында сот жактоочулардын талабын четке кагып, мамлекеттик айыптоочулардын өтүнүчүн канааттандырган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан