Салянова: "Жактоочум эки күндө жарыш сөзгө даярданууга жетишпейт"

Бүгүн, 20-сентябрда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын соттук иши каралып, жактоочулар жарыш сөзгө даяр эмес болгондуктан сот отурумду 22-сентябрь күнү саат 09:00гө жылдыруу чечимин кабыл алды.

Отурумдан кийин айыпталып жаткан депутат айым жактоочулары жарыш сөзгө даярдануу үчүн эки күн убакыт аябай аз экенин айтты.

"Менин жактоочум Чынара Жакупбекова Өмүрбек Чиркешовичтин жана Элдик парламенттин соттук отурумдарында жактоочулук кылууда. Ал учурда бир жумада 3 күн менин жана 2 күн Өмүрбек Чиркешовичтин соттук отурумдарына катышып жатат. Айрым учурда менин ишим каралып жаткан соттук иштерге катышуу үчүн Элдик парламенттин отурумдары жылдырылууда. Жакупбекова бүгүн сотко эртең Текебаевдин ишине катышарын, 25-сентябрда депутат Алмамбет Шыкмаматовдун сотуна барарын айтып, даярданууга 1 жума убакыт берүүсүн суранды. Бирок сот эки күн гана убакыт берди. Бул убакытта адвокат даярданууга, жадакалса физикалык жактан да жетишпейт. Эми эки күндүн ичинде жетишкенге аракет кылат, бирок коомдук жактоочу да бар, балким, ал жарыш сөзгө даяр болсо отурумду баштай берет. Бирок биз өз ара сүйлөшкөндөй жактоочу Жакупбекова баштамак. Ошентсе да соттун эки күн уруксат бергени бүгүнкү бир саат даярданууга берген убактысына караганда алда канча көп", - дейт Салянова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Aidar.240992
2017-09-21 01:49:44
иит эле кылдыго буларрды кеетеринде жон кетпей
0
Samina007
2017-09-21 01:56:37
жактап эмне кылат дейм да,болгон иш болгондон кийин.эки күн тиякта быякта дебей.кылдыңбы күнөөңдү ал дагы отур от званка до званка.и так азыр биз кыйналып жатканда Ажообуз ким болот экен деп.
0
Elitta
2017-09-21 13:46:19
Салянова эч тынч журбойт экенда...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан