Токмокто мал уурулукка шектелген жаран кармалды

Токмокто мал уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнө 33 жаштагы Ш.Ж. кайрылып, белгисиз жаран уюн музоосу менен уурдап кеткенин айткан.

"Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам изилдөө иштеринин негизинде 32 жаштагы К.Ж. кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан