Бишкекте коңшусунун баласына кол көтөрдү делген жаран камалды

Бишкекте коңшусунун баласына кол көтөрдү делген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-сентябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя ушул жылдын 16-сентябрь күнү Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин жатаканасынын жанында болгон.

Интернетке тараган видеодон эки баланын урушуп жатканын, бири экинчисин таяк менен чаап жатканын жана ошол учурда балдардын биринин атасы жардамга келгенин көрүүгө болот. Ошондой эле ал таяк менен урган баланы уулуна кармап берип сабаткан.

"Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Учурда алгачкы материалдар топтолуп, шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп билдиришти Бишкек ШИИББинен.

Чоң эле киши кичинекей баланы кармап берип уулуна сабатты (үнү жок)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Nurmat92
2017-09-21 10:55:10
Уят ай атасына эмне жок баласындай балага короз болуп. Кичинекей кезде эркекмин деген балдардын баары эле мушташып жүрүп чонойгон го мен да далай мушташкам. Байкем кайраштырып ийип эле карар отуруп калчы а мен ага кино көрсөтүп мушташчымын.
+2
Beks0207
2017-09-21 10:55:42
Ушундай кишилерди ушунчалык жаман кором ошол жерде болгонумда ошол кишине мен сабайт елем азыр ордуна мен камалмак екем жаш баланы урган акмак киши
+2
admin_superstan
2017-09-21 11:19:12
aerforce, провокация жарата турган билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. Эскертүү!
0
Derzki_kyrgyz
2017-09-21 12:42:51
Болоор болбос нерсеге иш козгошуп, кошуналарды жараштырып койгондун ордуна. Майдаланып баратабыз!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан