Ысык-Көл районунун Кашат айылына жакын жердеги токой өрттөнүп, кургак бадалдар күйүп кетти

Ысык-Көл районунун Кашат айылына жакын жердеги тоодо токой өрттөнүп, кургак бадалдар күйүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 21-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-сентябрь күнү саат 13:00 чамасында Кашат айылына жакын жердеги тоодо болжол менен 2 гектар аймакты камтыган токой өрттөнүп, кургак бадалдар күйүп кеткен.

"Өрттү өчүрүү үчүн ӨКМнын куткаруу бөлүмүнөн, айыл өкмөтүнөн, токой чарбасынан жалпы 80дей адам тартылган. Жалын кечки саат 18:00дө чектөөгө алынып, кеч кирип кеткендигине байланыштуу саат 21:00дө өрт өчүрүү иштери убактылуу токтотулган. Бүгүн, 21-сентябрь күнү өрт өчүрүү иштери улантылат", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан