Чүй облусунун Москва районуна караштуу Ак-Суу айылында жеке турак жай өрттөнүп, үй ээси түтүнгө ууланып каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 21-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Москва районуна караштуу Ак-Суу айылында үйлөрдүн биринен 20-сентябрь күнү өрт чыккан. Кырсыктын кесепетинен бөлмөдөгү төшөнчү жана үй эмеректери күйгөн. Кырсык болгон үйдөн 1949-жылы туулган С.З. аттуу үй ээсинин түтүнгө ууланган жансыз денеси табылган.
Каза болгон тургундун сөөгү милиция кызматкерлери тарабынан өлүкканага жеткирилген. Учурда өрттүн чыгуу себеби такталууда.