Баткенде унаа уурдоого шектелген жаран кармалды

Баткенде унаа уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-сентябрь күнү Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 19-сентябрь күнү Баткен ШИИБинин кызматкерлерине 45 жаштагы О.А. арыз менен кайрылган. Анда ал белгисиз адам токтоп турган Хундай Портер үлгүсүндөгү унаасын айдап, качып кеткенин айткан.

"Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары 33 жаштагы Н.М. кармалды. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат", - деп билдиришти Баткен ОИИБинен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан