Өткөн аптада укук коргоо кызматкерлери киши колдуу болуп өлтүрүлгөн белгисиз жарандын сүрөтүн жарыялап, аны тааныгандар болсо кабарлашып коюуну өтүнүшкөн эле. Көп өтпөй маркум милиция кызматкери экени билинген. Анын өлүмүнө шектелип Баткен облусунун 4 тургуну кармалды.
Маркумдун эжеси Канышай Абдураимова: “Булар инимди Баткендеги аэропорттун жанындагы талаага алып барып, дөңгөлөктүн ачкычы менен башка чааптыр. Эс-учун жоготкондо буту-колун байлап, тиштерин жулуп, кийимдерин чечип өрттөп, анан сөөктү Ош тарапка алып жөнөшүптүр”, - дейт.
Макаланы “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№777, 22-cентябрь, 2017-жыл) окуй аласыз.