Бишкек шаарынын архитектура жана шаар куруу башкы башкармалыгынын кызматкерлери пара талап кылууга шектелип кармалышты

Бишкек шаарынын архитектура жана шаар куруу башкы башкармалыгынын кызматкерлери пара талап кылууга шектелип кармалышты. Бул тууралуу 25-сентябрда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына Д.А. аттуу жаран кайрылган. Ал архитектура-техникалык бүтүмдү оң жагына чечип берүү үчүн Бишкек шаарынын архитектура жана шаар куруу башкы башкармалыгынын кызматкерлери 2000 доллар пара талап кылып жатышканын кабарлаган.

Факты боюнча "пара талап кылуу" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө 22-сентябрда 1500 доллар пара алып жаткан жеринен башкармалыктын башкы адиси кармалган. Андан кийин ортомчу болуп жаткан дагы бир адис 500 доллар пара алып жаткан учурда колго түшүрүлгөн. Азыркы тапта иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
KUBI
2017-09-25 12:09:27
Опозицияны камабай, ушуларды камаш керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан