Жалал-Абадда "аялды 7 күн зордуктап, чачын кырып салышкан" деп айыпталгандар соттолду

Жалал-Абадда "41 жаштагы аялды 7 күн зордуктап, чачын кырып салышкан" деп айыпталгандар соттолду. Бул тууралуу бүгүн, 27-сентябрда Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 25-сентябрь күнү Майлуу-Суу шаардык соту айыпталгандардын ишин карап, алардын бири З.Кны 13 жылга эркинен ажыраткан. Ал эми К.А.Ж. менен Т.К.М. 8 жылга соттолушкан. Сот өкүмүнө ылайык алар жазасын күчөтүлгөн тартиптеги абактарда өтөйт.

Айта кетсек, ушул жылдын 18-май күнү 41 жаштагы аял Майлуу-Суу шаарынан Жалал-Абад шаарына баруу үчүн жол тосуп чыккан. Ичинде 3 адам бар унаа ага токтоп, Кочкор-Ата шаарына чейин алып кетүүнү убадалашкан. Бирок көздөгөн жерге алып барбастан кайра Майлуу-Суу шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн бирине алып барып, анда камап, сабап, үчөөлөп зордукташкан. Андан соң чачын кырып салышкан. 25-майда жабырлануучу качып чыгып, арыз менен милиция кызматкерлерине кайрылган.

Ур-тепкиден жабырлануучу денесинен жаракат алып Майлуу-Суу шаардык бириктирилген ооруканасынын хирургия бөлүмүнө жаткырылган.

Шектүү катары 43 жаштагы Майлуу-Суу шаарынын тургуну, 22 жаштагы Көк-Таш айылынын тургуну жана 36 жаштагы Бүргөндү айылынын тургуну кармалган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренесинин 3 пункту (алдын ала сүйлөшүп алып, топ менен зордуктоо) жана 125-беренеси (кулчулукта кармоо, бирөөнүн эмгегин мажбурлап колдонуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
Kosmos2013
2017-09-27 10:25:56
13жыл 8 жыл дагы аздык кылат
+22
Rifle_I
2017-09-27 13:41:07
Kosmos2013,2-3 жылда геморрой болуп, заңын кармай албай калышат.
-3
dastan_nookat
2017-09-27 10:43:18
Өлүм жазасын бериш керек ким кошулат же туурабы же туура эмпспи?
+31
Rifle_I
2017-09-27 13:42:08
dastan_nookat,биздин сот системабыз өлүм жазасын киргизүүгө даяр эмес.
Текебаев менен Жапаровдой саясат оюнунун курмандыгы болуп калат анда.
+1
admin_superstan
2017-09-27 10:52:56
Kosmos2013, провокация жарата турган билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. Эскертүү!
+1
mamamia
2017-09-27 11:02:23
Атып салыш керек мындай зоокурлорду камаса деле ага мамлекет тамак берип жатпайбы
+13
ninja82
2017-09-27 11:11:30
эми корушот зордуктаган кандай экенин,омур боюга кесилседа аздык кылат бул зоокурлорду
+8
omka100514
2017-09-27 11:18:42
Акыркы убакта зордуктоо коп болуп жатат, каттуу жаза киргизиш керек мыйзамга. Болбосо мыйзамдын алсыздыгынан кичинекей бобоктор жабыр тартып жатат, чалдар кордоп. Олум жазасын киргизсе колдойт элек.
+5
dastan.bujun
2017-09-27 11:28:43
Похищения человеку деген статьяны да кошуш керек эле.
123-статья
+5
zamirbekorozalimovkg
2017-09-27 11:40:22
Ким билет азыр потставалар коп болуп жатат менттер менен иштеген аялдар коп оздору барат жырталандап анан еркек байкушга жалкоо
-1
Suzak12
2017-09-27 12:23:55
zamirbekorozalimovkg,Эгер подстава болсо конечно я с тобой согласен а если чын болсо анда бул срок аз
+1
Take_men
2017-09-27 11:46:15
Көп кабаттуу үй болсо кыйкырып жардам сурабай эле ээрчип кирип алдыбы?
+2
admin_superstan
2017-09-27 11:46:33
gulmira12345, провокация жарата турган билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. Эскертүү!
-1
surgeon777
2017-09-27 12:21:03
Учоо уч поколениенин адамдары экен,бироосундо да акыл жок...
+2
admin_superstan
2017-09-28 10:33:04
jon.as, nurhan2702, провокация жарата турган билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. Эскертүү!
0
portugalia
2017-09-28 17:42:55
Кучотулгон режимде болсо соо чыгышпайт.Айбанга айлангандар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан