Ош облусунун Өзгөн районунда жол кырсыгы катталып, адам өмүрү кыйылды. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Хонда Фит үлгүсүндөгү унаа менен ВАЗ-2199 үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн. Жол кырсыгынын кесепетинен 3 адам каза болгон. Окуя бүгүн, 28-сентябрь күнү катталган. Кырсык болгон аймакта учурда ӨКМнын куткаруучулары иш жүргүзүүдө. Кошумча маалымат берилет.