Өлкөбүздө керемет көл бар, өзгөчөлүгү – анын жок болуп, кайра пайда болуп турушунда. Жылына 1, кээде 2 жолу бул көлдүн суусу толук агып кетип, кайра толуп турат. Ысык-Көл облусундагы Сары-Жаз өрөөнүндө, Түндүк Эңилчек мөңгүсүнүн этегинде жайгашкан бул укмуштуу көл Мерцбахер деп аталат. Уникалдуу көлдү көрүү үчүн жыл сайын жайкысын туристтик фирмалар аркылуу орточо миңдей чет өлкөлүк турист келет. Аларды кызыктырганы, бул көлдөгү суу толуп, муздардын жарылып суунун атылып чыгышы. Мындай керемет кооз көрүнүштү күтүп жумалап жатышат.
Мерцбахер көлү тууралуу баянды “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№778, 29-cентябрь, 2017-жыл) окуй аласыз.